Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Казакстан: Маңзат өндүргөндөрдүн жазасын күчөткөн мыйзам кабыл алынды

0
2-январда Акордонун басма сөз кызматы казак президенти Касым-Жомарт Токаев "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттер" жөнүндө мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгонун жазды.


Мыйзам топтому маңзат өндүргөндөр үчүн жазаны катаалдатат. Ал эми эми кызмат адамдары маңзат таратууга аралашса 15 жылдан 20 жылга чейин жаза чегериллет (мурда мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылчу).


Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, маңзат саткандардын жазасы жеңилдетилет. Буга чейин бул берене боюнча 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралса, жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, 5 жылдан 8 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Мыйзам демилгечилери муну көп учурда жашы жете электер же жаштар маңзат өндүрүүчүлөрдүн куралы болуп калганы менен түшүндүрүөт. Бирок мындай кылмыш жасаганы үчүн экинчи жолу кармалгандар 7 жылдан 12 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн. 




Мыйзам долбоору Мажилисте талкууланган учурда мындан ары маңзат өндүргөндөр жана саткандарга бирдей жаза каралбай турганы айтылган. Төрага Эрлан Кошанов баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн соттолгон 4000ден ашуун адамдын 1300гө жакыны маңзат сатуу менен гана алектенгендер экенин, арасында 10 жылдан ашуун абакка кесилген жаштар көп экенин айткан.


Парламенттин Жогорку палатасы бул долбоорду 19-декабрда жактырган. Ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов документти Сенатта талкуулап жатканда мыйзам күчүнө кирсе маңзат кылмыштары үчүн соттолгон миңге жакын адам шарттуу түрдө эркиндикке чыгууга укуктуу экенин айткан. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Гонконг (ATP). 2-й круг. Хачанов сыграет с Нисикори, Фис – с Бергсом, Норри – с Сонего






Нехаммер заявил, что уйдет с поста канцлера Австрии

Депутат бундестага сообщил о возможном визите Шольца в Москву

Фильм о легендарном коми композиторе выйдет в 2025 году

Катерина Шпица: «Союз актрисы и фитнес-тренера — классика мезальянса, но я не имела завышенных ожиданий»