Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Токаев Назарбаев менен телефондон "айына бир жолу сүйлөшүп турарын" айтты

0
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мурунку мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев менен "айына бир жолу телефондон сүйлөшүп турарын" айтты. Ал бул тууралуу 3-январда мамлекет каржылаган "Эне тили" басылмасында жарык көргөн маегинде сөз кылган. Журналист Ерлан Жунис Токаевден Казакстандын тунгуч президенти менен мамилеси тууралуу сураган.


"Назарбаевдин көп жылдык бийлиги маалында алишемдиктер болгон. Албетте, иштебеген киши гана адашпайт. Ал кызматтан кетип, Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары калган кезде ачык айтканда, саясий сезимталдык дегенди унутуп, өкмөт башчыны, Улуттук банктын төрагасын, министрди, акимдерди чогултуп жыйын өткөрүп турду. Мындай көрүнүшкө биздин коомду коелу, чет элдик жетекчилер, дипломаттар да таң калышар эле. Алтургай "Назарбаев кызматтан кеткенден кийин жогорулап, президентти да башкарып алды" деген азил сөз пайда болгон. Жашоодо андай тамашага орун жок эле", - деди Токаев. Ал мындай кырдаал "кош бийлик тууралуу" кептерди жаратканын кошумчалады.




Токаев ошол эле маалда Назарбаевдин Казакстан үчүн кылган тарыхый эмгегин татыктуу баалоо керек экенин белгиледи.


2019-жылдын март айында Казакстанды отуз жылдай башкарган Назарбаев президент катары өз ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялап, эртеси күнү мамлекет башчылыкты Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Ал "Нур Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон калган. Назарбаев бул макамдардан 2022-жылдын январь айындагы кандуу окуялардан кийин ажыраган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв выпадет из топ-8 после поражения на турнире ATP в Гонконге






Фестиваль мотокультуры прошел в Подмосковье

В ландышах и лапнике. Как сейчас выглядит могила актрисы Веры Васильевой

«Зима в Москве»: в столице прошел турнир по керлингу для семей участников СВО

ПРОДАМ: Станок вертикально-сверлильный настольный OPTIMUM B13