Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунаага убактылуу чектөө киргизилди
Мекеме чектөө канча убакытка чейин күчүндө болорун маалымдаган жок.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен автоунаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпей айдоого чакырган.
Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат.(ZKo)