Лейлектеги жарылуу боюнча Тажикстан тарапка маалымат берилди
Мекеме 5-январда тараткан маалыматка ылайык, ошол эле күнү Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жолугушуусу болуп, анда жарылуу тууралуу тажик тарапка маалымат берилген.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) ошол эле күнү тараткан маалыматта Арка-2 айылындагы жарылуу боюнча Лейлек райондук милициясынын башчысы Кожобек Козубаев менен Тажикстандын Согд облусунун Гафуров райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Чамшед Абдулло Зубайрзода жолукканы кабарланды. Ага ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн элин дүрбөлөңгө алдырбоо максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылды.
Күч кызматтары жергиликтүү элди этияттыкка чакырып, шектүү заттарга тийбөөгө жана тиешелүү органдарга тезинен кабарлоого чакырууда.
5-январь күнү саат 16:20 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылынын жашоочулары: 32 жаштагы А.Н. (аял киши) жана анын 11 жаштагы кызы К.А. өздөрү жашаган үйдүн короосун жыйнап жатып, короосунда жыйналып турган эски темирлердин арасынан белгисиз затты алып үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда ал жарылып кеткен. Натыйжада А.Нын жүзү, кыздын буту жаракат алып, ооруканага түшкөн.
Жарылуу болгон үй, Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы атышуунун кесепетинен дээрлик толук өрттөнүп кеткен.
Милициянын маалымдашынча, окуя болгон жерге инженердик сапердук топ чакырылып, курчоого алынган.
Жарылуу болгон үйдүн тургуну 39 жаштагы А.К. белгисиз жардыргыч зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн экендигин билдирген. Бул жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалып, алгачкы текшерүүлөр башталды.
Баткен облустук администрациясы бул окуя боюнча бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өз багыты боюнча ыкчам чараларды көргөнүн, жаракат алган эне-балага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын абалы орто деп сыпатталып жатканын маалымдады.
Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо кызматкерлери окуяны элге туура жеткирүү максатында алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылы апрель-май айларында жана 2022-жылы сентябрда катталган. Чек арадагы куралдуу кагылышта Кыргызстандын 134 жараны жараат алып, 36 адам мерт болгон жана 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон.(JsA/ZKo)