Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин Жаңы жылдык кечесиндеги чыр боюнча кылмыш иши козголду

0
Жогорку Кеңештин комитет кызматкерлеринин Жаңы жылдык кечедеги чырына байланыштуу ишти Бишкектин Октябрь райондук милициясы иликтөөдө.



Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан (РИИБ) маалымдашкандай, милицияга К.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 28-декабрга караган түндө У.А. аттуу жаран күч колдонуп, денесине жаракат келтиргени үчүн чара көрүүнү суранган. Арыз ээси окуя Бишкектин Анкара көчөсүндөгү ресторандардын биринде болгонун билдирген.



Бул факт боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына жараша окуяга укуктук баа берилмекчи.




Айрым маалымат каражаттары 27-декабрда Жогорку Кеңештеги бир комитеттин кызматкерлери Анкара көчөсүндөгү ресторанда жаңжалдашып, натыйжада бир кызматкерди бөлүм башчысы сабап койгону тууралуу жазып чыгышкан. Анда жабыркаган кишинин жакындары сабалды делген К.Р. аттуу жарандын баш жана бет сөөктөрү сынганын, денеси көп жеринен жаракат алганын билдиришкен.



Жогорку Кеңештин маалымат кызматы окуяны комментарийлей элек.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина начала работать с бывшим тренером Динары Сафиной






Новый формат навигации появился на транспортных объектах Москвы

В Музей Победы передадут рассекреченные документы о Ялтинской конференции

Крым в сердце. Открыт прием заявок на Всероссийский фотоконкурс

Аномальное тепло, громкое убийство, нашествие змей: чем запомнился первый месяц нового года в Чувашии