Ысык-Көлдө ипподромдун жанындагы 11,7 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Башкы көзөмөл органы жер тилкеси 392 миллион 652 миң сомго бааланганын, текшерүүдө жер мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталганын кошумчалады. Бирок ипподромдун жанындагы жер качан жана кимге сатылып кеткенин тактаган жок.
Кыргызстанда тийиштүү мекемелер мурда-кийин жеке менчикке ар кандай жол менен өтүп кеткен жер тилкелери, имараттар жана башка мүлк мамлекетке кайтарылып жатканын, бул иш бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн үзүрү экенин кабарлап келишет.
Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтышат. (BTo)