Лос-Анжелестеги токой өртү беш кишинин өмүрүн алды
Катуу шамалдан улам 7-январдын кечинде тутанган өрт тез жайылып баратат. Маалыматка караганда, өрт Голливуддун белгилүү «Жылдыздар аллеясына» жакын жерде алоолоп жатат, Малибуда бир катар белгилүү адамдардын үйлөрү күйдү.
Шаардын мэри Карен Басс Голливудга полициянын кошумча күчтөрү жөнөтүлгөнүн билдирди.
АКШнын президенти Жо Байден Калифорния штатында масштабдуу жаратылыш кырсыгы режимин жарыялады жана токой өртүнөн жабыркаган райондорго федералдык алкакта жардам көрсөтүү буйругун берди.
Кызмат мөөнөтү соңуна чыгып жаткан президент Италияга расмий сапар менен барбай калды.
Лос-Анжелестин шерифи тилсиз жоо ооздуктала электигин, курмандыктар саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти. Абалды кургак аба ырайы жана катуу шамал татаалдаштырууда.
Шаар жайгашкан Калифорниянын түштүк тарабында былтыркы май айынан бери 2,5 миллиметр жаан-чачын жааган. Токой өрттөрү барган сайын эрте башталып, кеч аяктаганын адистер белгилешет.