Лос-Анжелесте өрттөн набыт болгондордун саны онго жетти
Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, эки киши океан жээгиндеги Пасифик-Палисейдс районунда каза болгон. Дагы беш адамдын өмүрү Пасадена шаарынын жанында кыйылды.
Голливуд дөңсөөлөрүнө жайылган өрт авиациянын жардамы менен өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун тез жайылышына катуу шамал дагы түрткү болууда. Соңку маалыматтарга караганда, өрт каптаган аймактын жалпы аянты 117 чарчы чакырымга жетти. Пасифик-Палисейдсте 5300дөй турак жай күлгө айланды. Арасында менчик үйлөр, жети мектеп, эки китепкана, беш чиркөө жана синагога бар.
Пасаденанын айланасында беш миңдей турак жай өрттөндү.
Бийлик азырынча келтирилген чыгымды эсептеп бүтө элек. AccuWeather жеке компаниясы экономикалык чыгым 150 миллиард доллардан ашышы мүмкүн экенин билдирди. Тилсиз жоонун тутанышына эмне себеп болгону так белгисиз. Версиялардын арасында чагылган, электр зымдарынын жабыркашы, атайылап өрт коюу жана фейерверк бар.
10-январда Лос-Анжелестеги бардык мектептер ыштан улам жабылды. Эвакуацияланган жарандардын үйүн кайтаруу үчүн шаарга Улуттук гвардиянын аскерлери киргизилип, кечки алтыдан таңкы алтыга чейин коменданттык саат жарыяланды. Талап-тоноого айыпталып 20дай киши кармалды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында мекендештер катталбаганын билдирди.