Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ипотека акчасын үч ай төлөбөгөндөрдүн батири алынат

0
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ички жобосу боюнча ипотекага үй алган адам каражатты үч ай төлөбөсө келишим жокко чыгарылып, батир мамлекетке алынат. Бул тууралуу компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 10-январда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты.


“Акчаны эмне себептеп төлөй албай калды, ага эмне таасир этти, 90 күндүн ичинде кардар менен иш алып барабыз. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Кардар төлөмдү өткөрүп жиберсе ага чейин төлөгөн каражаты да кайтарылбайт”, - деди ал.


Буга чейин президент Садыр Жапаров да Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак жай алгандар акчаны өз убагында төлөп турушу керектигин билдирген. Мамлекет башчы кирешеси чектелүү экенине карабай дароо 2-3 бөлмөлүү батир алып алгандар бар экенин айтып, айлыгы аз, туруктуу жумушу жокторду биринчи бир бөлмөлүү батир алып турууга чакырган.




“Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет. Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт”, - деп айткан ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курганн маегинде.


Былтыр 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүнө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир, 24-декабрда №47 түзөтүү колониясынын ордуна түшкөн “Мурас” турак жай комплексинен 510 батир ээлерине берилген.


Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул тапта 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.


Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Зарина Дияс

Зарина Дияс сыграла драматичный матч за выход в финал турнира в Таиланде






Блогера-математика Вербицкого внесли в список террористов и экстремистов

Под Рязанью проходит Четвертый этап Кубка России по биатлону

Лимитрофная дерзость: Эстония и Финляндия хотят бороться с российским «теневым флотом»

Эвакуаторы «Московского паркинга» помогли 37 автомобилистам в новогодние праздники