Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму болбой калды

0
10-январда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараян дагы жылдырылып, кийинки отурум 15-январга белгиленди. Бул тууралуу ушул иш боюнча айып тагылып, райондук сотто акталган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.


Анын маалыматына ылайык, жума күнү өтө турган жараян ишти караган судья ооруп калганына байланыштуу болгон жок. Мындан ары соттук отурум бир жумада эки ирет - шаршемби жана жума күндөрү өтөт.


Шаардык сотто Кемпир-Абад иши боюнча иш быйыл 2024-жылдын 6-августунан тарта карала баштаган. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.




Ага чейин былтыр 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.


Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.


Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында райондук сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Мэдисон Киз

Мэдисон Киз выиграла Australian Open






Эстонская православная церковь МП второй раз попыталась изменить название

На покупку льготных лекарств в Подмосковье выделят 31 млрд рублей в 2025 году

Заявки на обучение в российских вузах в сфере культуры поступили в 2024 году из 30 стран

Андрей Воробьев поздравил учащихся МГИМО-МЕД с Днем студента