Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

ТИМ: Лос-Анжелестеги өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

0
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында мекендештер катталбаганын билдирди.



Мекеменин басма сөз кызматы 10-январда тараткан маалыматка ылайык, Чикаго шаарындагы Башкы консулдук Калифорния штатында жарыяланган чукул кырдаалга байланыштуу ал жакта жашаган кыргызстандык жарандар менен тыгыз байланышта болууда.



"Азыркы учурга карата Лос-Анжелестеги өрттө жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары катталган жок", - деп билдирди министрлик.




Мекеме Калифорния штатындагы кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана көрсөтмөлөрдү аткарууга, сак болууга жана өрт курчаган аймактарга баруудан карманууга чакырды.



Кыйынчылык же башка зарылчылык жаралган учурда Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугуна +1 312 929 34 42 телефону аркылуу байланышуу сунушталды.


Лос-Анжелесте катуу шамалдан улам 7-январдын кечинде тутанган өрт тез жайылып баратканы кабарланган. Шаарды каптаган өрт кеминде беш кишинин өмүрүн алган, 130 миңдей тургунга коопсуз жерлерге көчүү көрсөтмөсү берилген. Көптөгөн турак жай, имарат  өрттөнгөнүн маалымат агенттиктери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып жазышты. (ZKo)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Зверев

Зверев заступился за Джоковича перед трибунами на АО: не освистывайте игрока с травмой






Почти 157 км дорог обновили в Липецке за шесть лет по нацпроекту

«Фрайбург» — «Бавария». Прямая трансляция: смотреть онлайн матч Бундеслиги

Аномальная жара ожидается в феврале: весна внезапно наступит на месяц раньше

Наталья Сергунина: По итогам года столичная туриндустрия заключила свыше 600 региональных контрактов