Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкек жана Чүйдөгү 47 калктуу конуш газдаштырылды

0
“Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек шаары менен Чүй облусундагы 47 калктуу конуш газдаштырылганын билдирди. Бул тууралуу ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Бишкектин жана Чүй облусунун калктуу конуштарын газдаштыруу маселеси талкууланган жыйында айтты.


“Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына 2014-жылы символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, “Газпром Кыргызстан” деп аталып калган. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектеги жаңы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.


Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын катарында келатат.




Жаратылыш министрлигинин маалыматы боюнча, борбордо абанын булганышынын 27% автоунаадан чыккан түтүндөн, 29% жер тамдарга жаккан көмүрдөн болот. Министрлик Бишкекте ыштан арылуу үчүн үйдү жылытуунун башка булактарына, транспорттун экологиялык таза түрүнө өтүү керектигин белгилейт.


Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда борборду каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт. Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыгат.


Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаа булгай турганы айтылып келет. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Камельзон: Медведев повзрослел, поумнел, побогаче стал






Оттепель или морозы: какой будет погода на Крещение в Москве

В Москве умер создатель хоккейной команды «Сталкер» Алексей Зайцев

В Подмосковье потушили пожар на складе, где загорелся металлический ангар

Жилой комплекс по программе реновации построили в Алтуфьевском