Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ИИМ Айдар Халиковду Кыргызстанга экстрадициялоо каралып жатканын кабарлады

0
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, Молдовада кармалган Кыргызстандын жаранын (1965-жылы туулган Х.Х.) өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирди.


Министрликтин маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган “кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” менен айып тагылууда.


Мекеме Х.Х. мамлекеттик кызматта иштеп турганда алдамчылык жолу менен С.Д. аттуу жарандын көп суммадагы каражатын тартып алганын билдирүүдө. Мындан тышкары, ал бир катар ушундай эле кылмыштарды жасаган деп шек саналууда.


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны экстрадициялоо маселесин карап жатат.


Х.Х. Хайдарали Халиков (ред: коомчулукта ал Айдар деген ат менен белгилүү) экени белгилүү болду. ИИМ тараткан инициал жана шектүүнүн туулган жылы Айдар Халиковдун аты-жөнүнө туура келет.


Молдованын Ички иштер министрлигине караштуу Миграция боюнча башкы инспекция 10-январда Кыргызстандын бийлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялаган адам кармалганын жарыялаган. Билдирүүдө аты-жөнү көрсөтүлбөгөн адамга Кыргызстандын бийлиги “алдамчылык менен кимдир бирөөгө олуттуу зыян келтирүүгө шектүү” катары издөө салганы белгиленет.




Кишиневдо эл аралык ордерге ылайык аны мекенине экстрадициялоо маселеси каралып жатканы кабарланган.


Мунун алдында айрым маалымат каражаттары жана чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темиров президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы мурдагы кеңешчиси Айдар Халиков Кишиневдо кармалганын жазышкан.


Айдар Халиков чет өлкөгө чыгып кетип, акыркы кездерде социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду кескин сындап келгени менен белгилүү.


Болот Темиров 2023-жылы 13-ноябрда Айдар Халиков менен уюштурган маегин жарыялаган. Анда ал Өзбекстандан көчүп келген этностук кыргыз экенин, 2013-жылы кыргыз жарандыгын алганын айткан. Айдар Халиков Садыр Жапаров жана Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда бийликке каршы пикирин жазгандарды жаманатты кылган билдирүүлөрдү жарыялоого мажбурлаганын айтып, ага каршы болгонун билдирген.


Дайырбек Орунбеков бул сөздөрдү четке кагып, 2020-жылдан кийин Садыр Жапаров Айдар Халиковду коомдук башталыштагы жардамчысы кылып дайындаганын, бирок ал кийин мыйзамсыз иштер менен алектенип, Өзбекстандан аткезчилик менен курулуш материалдарын ташыганы аныкталганын айткан. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина назвала свою цель на 2025 год






Холодильник, диван и стол: неизвестный обчистил квартиру жительницы Петербурга

Володин: в России не обсуждается запрет видеоигр из-за деструктивного контента

Синоптик Ильин спрогнозировал в Москве «очень тёплую для зимы погоду»

США строят инфраструктуру для самолетов с ядерным вооружением в Гренландии