Ош мэриясында документтер жок кылынганы териштирилүүдө
8-январь күнү социалдык тармактарда Ош шаардык мэриясынын архивиндеги жарандардын жеке маалыматтары таштандыдан табылганы тууралуу маалыматтар тараган. Анда Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба башкармалыгынын бузулган имаратынын урандыларынын арасынан иш кагаздар жана жарандардын персоналдык маалыматтарын камтыган документтер табылганы жазылган.
Башкы прокуратура маалымдагандай, 8-январь күнү шаардык прокуратура Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгына тийиштүү чараларды көрүү боюнча кат жиберип, анын жыйынтыгы менен 9-январда Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчилигине архивдик документтерди мыйзамсыз жок кылуу фактысы боюнча 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Бул фактыга түздөн түз катыштыгы бар мэриянын жана коммуналдык чарба башкармалыктын кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн материалдар тергөөгө чейинки текшерүү ишин жүргүзүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Тергөө кызматына жиберилген.(ZKo)