Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Грузияда нааразылык акциясына катышкан журналист камакка алынды

0
11-январда Батумиде өткөн нааразылык акциясында полиция "Батумцы" басма үйүнүн негиздөөчүсү жана директору, ушул эле аталыштагы гезиттин редактору Мзия Амаглобелини камакка алды. Журналистке полиция кызматкерине кол көтөрдү деп айып тагылганы жана кылмыш иши козголгону маалым болду.


Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында Амаглобели ИИМдин шаардык бөлүмүнүн алдына нааразылык акциясына чыккандарды кармоого аракет кылган Батуми полициясынын башчысына кол көтөргөн.


Ага чейин Амаглобели полициянын имаратына "биз нааразыбыз" деген жазуусу бар кагазды чаптоого аракет кылганы үчүн кармалган. Ага полицияга каршылык көрсөтүү жана майда бейбаштык боюнча административдик айып тагылып, бошотулгандан кийин Амаглобели нааразылык акциясына кайтып келген.


Жалпысынан бул митингде полиция бейөкмөт уюмдардын жана оппозициялык партиялардын он активистин Административдик кодекстин негизинде кармаганы белгилүү болду. Алардын төртөө соттук териштирүүгө чейин бошотулуп, алты адам полициянын тергөө абагында камакта калды.




Акыйкатчынын өкүлү менен жолугушууда Мзия Амаглобели экинчи жолу кармоо аракети учурунда полиция кызматкерин кокусунан уруп алганын айтты.


Батумиде, Грузиянын борбору Тбилисиде жана Грузиянын башка шаарларында бир нече айдан бери өлкөдө жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусун кайра баштоону талап кылган массалык нааразылык акциялары өтүп жатат.


Премьер-министр Ираклий Кобахидзе Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотконун жарыялаган 28-ноябрдан бери Тбилисидеги нааразылык акциялары бир нече жолу полиция менен катуу кагылышууга чейин жеткен. Отузга жакын адам "зомбулук" деген айып менен камакка алынган. Алардын соту марттын ортосунда башталат. Айыпталуучулардын бири да күнөөсүн мойнуна албайт.


"Грузин кыялы" партияcы октябрдагы шайлоодо жеңгенден бери эле Грузияда саясий кризис курчуп келет. Ал шайлоо добуштарды сатып алуу, бурмалоо, коркутуп-үркүтүү жана зордук-зомбулук фактылары менен коштолгон.


Өткөн айда өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жылдыра туруу чечими жарыялагандан кийин толкундоолор ого бетер күчөдү. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

«Я не делала этого последние пять или шесть лет». Елена Рыбакина удивила откровенным признанием






В Новосибирске выходцы из Азербайджана оскорбили "русское население" и участников СВО. А посетитель кафе, который сделал замечание был избит толпой

Из-за закрытия воздушного пространства над Ростовской областью самолет совершил дополнительную посадку

Самолет Москва — Ереван совершил вынужденную посадку в Махачкале

Как приготовить квашеную капусту по-настоящему аппетитной: три простых правила