Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Арстан Алайдын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда

0
Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча соттук териштирүү Аламүдүн райондук сотунда уланууда.


Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, учурда күбөлөр суралууда жана кийинки соттук отурум 16-январга белгиленген.


Арстан Алай былтыр 5-январда каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 2024-жылы 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстан Алай “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган.


Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышкан.




Арстан Алайдын өлүмү боюнча аталган колониянын беш кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча айып коюлган. Айыпталып жаткандардын бири былтыр 18-июлда №31 тергөө абагынын кызматкери тергөө учурунда каза болгон. Башкы прокуратуранын маалыматында, шектүү үй камагында болгонун жана ага козголгон кылмыш иши токтотулган.


Алгач ишкерлик менен алектенип, саясатка кийин аралашкан Арстанбек Абдылдаев коомчулукта Арстан Алай деген ат менен таанымал. Кезинде "Кыш болбойт", "Путин биоробот" деген сыяктуу ылакапка айланган сөздөрдү айтып, өзүн "Жаңы кудай" деп атаган коомдук ишмер 2011-, 2017- жана 2021-жылдары президенттик шайлоого катышкан. (TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Мартина Навратилова

Экс-теннисистка Навратилова призвала перестроить систему WADA






Кремль подтвердил планы Путина и президента Ирана подписать договор 17 января

Песков назвал санкции США против Росатома недобросовестной конкуренцией

Новокаховский ансамбль эстрадного танца «Таврия» получил I место в Москве

В 2024 году увеличились предлагаемые зарплаты журналистам