Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Базар-Коргондо салык кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон райондук башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы О.С.А. коррупцияга шек саналып, кармалганын билдирди.



Мекеменин басма сөз кызматы 13-январда билдиргендей, ал мүлк салыгынын жана камсыздандыруу карызын кечүү, жеке ишкерлерден салыгын азайтууну убада кылып, пара талап кылган деп шек саналууда.



"Анын иш-аракети соттун уруксаты менен жашыруун камерага тартылган. 9-январда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген", - деп маалымдады атайын кызмат.



Учурда иликтеп тергөө иштери жүрүп жатат.



УКМК мамлекеттик кызматтардагы коррупцияга каршы иш-чаралар уланып жатканын эскертүүдө.


Кыргызстанда жаңы жылдан тарта коррупцияга айыпталгандарга жазаны катаалдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштей албайт.


Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат бергенде 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылга чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) кайтарылганын билдирген.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

300 игроков включены в пенсионную программу ATP в 2024-м






2014 • «Лёд и Пламя» приглашает на турнир 22-23 февраля 2025 г юношей 2014 г.р. «Орион-Технопул» Московская обл. г.Балашиха

Счастливый час в хаммаме

Ростов-на-Дону вошёл в пятёрку самых читающих городов России

Вильфанд сообщил о потеплении в Москве со среды до субботы с полным таянием снега