Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

ЖАК Султанбековго медициналык дарылоо сунушталганын билдирди

0
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Бишкектеги №1 тергөө абагында ачкачылык кармап жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков  медициналык комиссиянын кароосунан өткөнүн 13-январда "Азаттыкка" билдирди.


Маалыматка караганда, текшерүүнү Жаза аткаруу кызматынын госпиталынын,  бейтапканасынын дарыгерлери жана медициналык башкармалыктын адистери жүргүзгөн.  Султанбеков алсыраганын, таманы ооруп, бутунун манжаларын жакшы сезбей калганын айткан.


"Жүргүзүлгөн клиникалык-биохимиялык анализдер норманын чегинде, ЭКГ жана ички органдарынын УЗИ диагностикасынын жыйынтыктары эч бир патология тапкан жок. Темирлан Султанбековго тиешелүү медициналык дарылоо сунушталууда", - деп айтылат маалыматта.


Мекеме Султанбеков 2024-жылдын ноябрынан бери ачкачылык кармап баштаганын, шире, суу жана дан (буудай) кошулган суусундуктарды ичип жатканын белгилейт.


ЖАК Султанбековдун ден соолугун тыкыр көзөмөлдөп, зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүп жатканын, ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.




Социал-демократтар партиясынын лидери 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта.


Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда аларды эки айга камакка алган.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.


9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.


Султанбеков 13-ноябрда милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан. (MKt)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович пробилась в основную сетку турнира WTA-500 в Линце






В благотворительном фонде «Найди семью» приступили к работе новые директора

В подмосковном колледже «Энергия» отметили День студента

Мурманская область опустилась на один пункт в рейтинге перспективности трудоустройства в начале 2025 года

Россия призвала США ускорить ответ на запрос агремана новому послу