Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү күбө катары сурак бергени маалым болду

0
12-январда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева Бишкек шаардык милицициясына сурак берип чыкканы маалым болду. Бул тууралуу анын адвокаты Аскар Алымкулов 13-январда “Азаттыкка” билдирди.


Анын айтымында, Самышева Социал-демократтар партиясына Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоодогу добуш сатып алууга байланыштуу козголгон иштин алкагында күбө катары суралып, ошол күнү коё берилген.


12-январда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадыр Атамбаев "Азаттыкка" Самышева кармалганын, ага жактоочулар киргизилбей жатканын билдирген.


Бул боюнча Бишкек шаардык милициясы да маалымат таратып, анда “добуш сатып алуу” боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Самышеваны алып келүү тапшырмасы коюлганы жазылган. 12-январда саат 20:00дө ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, анын катышуусу менен тергөө аракеттери Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөнү айтылат.


Тергөө учурунда Самышеванын эки жактоочусу да катышканы жазылган.


Самышева Социал-демократтар партиясынын катарында буга чейин Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигин койгон.




Социал-демократтар партиясынын лидери 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда аларды эки айга камакка алган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.


9-январда аталган сот булардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.


Темирлан Султанбеков 13-ноябрда, милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан.


Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет. (MKt/TAb)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина вылетела из топ‑10 рейтинга WTA, Павлюченкова поднялась на девять позиций






На западе Москвы произошел пожар на стройке на площади 100 кв. м

Тамбовчане поделились, какой вуз они считают для себя родным

Запретный фрод: операторов обяжут блокировать звонки из-за границы с подставных городских номеров

В Новосибирске наградили победителей регионального отборочного тура благотворительного фестиваля «Добрая волна»