Президент ишкер аялдарды колдоого багытталган мыйзамга кол койду
Мамлекет башчынын сайтына 13-январда жарыяланган маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты жана милдети - аялдардын ишкердигине мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана өлкөдө аялдарды иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
"Аялдардын ишкердиги" аныктамасы жеке ишкер аялдар менен катар акциясынын 51% аялдарга таандык, акцияга ээлик кылган же штаттык кызматкерлеринин жарымынан көбүн аялдар түзгөн ишканаларды да камтыйт.
Мыйзам 2024-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы Кыргызстан гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.(ZKo)