Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Социал-демократтардын мүчөсү Катаганов күбө катары сурак бергени маалым болду

0
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак бергени белгилүү болду. Бул маалыматты Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы дүйшөмбү күнү кечке маал тараткан билдирүүсүндө ырастады.


“2025-жылдын 12-январь күнү Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 1982-жылы туулган А.К. күбө катары чакырылып, өзү чакырган жактоочунун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамынын талаптарына ылайык тергөө аракеттери жүргүзүлдү”, - деп айтылат расмий билдирүүдө. 


Шаардык милициянын соңку билдирүүсүндө Катагановдун дале кармалып турганы же сурактан кийин бошотулганы тууралуу толук маалымат берилген эмес. 


Андан мурдараак Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадыр Атамбаев партиялашы, Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Анарбек Катаганов кармалганын “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, Катаганов телефондон аудио билдирүү жөнөтүп, аны милиция кызматкерлери кармап кеткенин айткан. Атамбаев андан бери партиялашы менен байланыш жок болуп жатканын белгилеген.


“Анарбек Катаганов биздин катарыбызга жакында эле кошулуп, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 41-катардагы талапкер болуп кирген. Анын күтүүсүз жана негизсиз кармалышы – кезектеги күч колдонуу жана коркутуу аракети. Катаганов жарандык позициясын активдүү билдирип келет. Ал Темирлан Султанбековду коргогон маалымат жыйында да сүйлөп чыккан жана кырдаал тууралуу коомчулукка тынымсыз билдирип турган”, - деп Атамбаев Фейсбук баракчасына жазган. 


Мунун алдында Социал-демократтар партиясы дагы бир мүчөсү Жанна Самышева да добуш сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катарып суралып, коё берилгени маалым болгон. 


Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бул ишке жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, "саясий куугунтук" деп баалап келет.


Султанбеков 13-ноябрда, милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан.


13-январда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАК) саясатчы медициналык комиссиянын кароосунан өткөнүн "Азаттыкка" билдирди. (AA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Российская теннисистка Калинская снялась с Открытого чемпионата Австралии






Успеем замерзнуть: синоптик Ильин рассказал о погоде в начале весны 2025 — морозы нагрянут неожиданно

GOOGLE LLC назначили в России штраф в размере более 8 миллиардов рублей

Бастрыкин сообщил о 27 обвиняемых в уголовном деле о теракте в «Крокус Сити Холле»

Цикл встреч о защитниках Балтики в годы войны стартует в Музее Победы