Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ливанда премьерликке Эл аралык соттун төрагасы Наваф Салам дайындалды

0
Ливандын президенти Жозеф Аун Гаагадагы Эл аралык соттун төрагасы Наваф Саламды өкмөт башчылыкка дайындады. Анын талапкерлигин 128 орундуу парламенттин үчтөн эки бөлүгү колдоду. Бийлик мазхабдар ортосунда бөлүштүрүлгөн системага ылайык, Ливанда өкмөт башчынын кызмат орду суни мусулмандарга берилет.


Премьер-министрдин кызматын аткаруучу Нажиб Микати 9 добуш гана алды. Анын талапкерлигине Тегеран колдогон “Хезболла” уюму добуш бергени кабарланган.


"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.




Аун өзү президент болуп 9-январда шайланган. Бул кызмат 2022-жылдын октябрынан бери бош турган. Ошол маалда жаңы президент менен фамилиясы уйкаш Мишель Аундун ыйгарым укуктары аяктаган. Андан бери 12 жолу мамлекет башчыны шайлоо аракетинен майнап чыккан эмес. Айрым учурларда “Хезболла” жана шийи өнөктөшү кворум болбосун деп, жыйындарга катышпай койгон.


Эксперттер белгилегендей, Саламдын премьер-министрликке дайындалышы "Хезболланын", демек, кайсы бир деңгээлде Ирандын таасиринин азайышынан кабар берет.


Израил менен жакында болгон согуш бул уюмду саясий жана аскердик жактан алсыратты.


Жаңы өкмөт башчы саясий династиядан чыккан. 2007-2017-жылдары Ливандын Улуттар Уюмундагы элчиси болгон. 2018-жылы Эл аралык сотко шайланып, былтыр Гаагадагы соттун төрагалыгына тандалган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Даниил Медведев сломал ракетку и камеру на Открытом чемпионате Австралии






Мамаев — о драке с чиновником: «Неправильно гнать за такое в тюрьму»

Названы самые высокооплачиваемые профессии в России

ВСЕ ПАТЕНТЫ МОГУТ ОТМЕНИТЬ? А ПРЕМИИ УЛУЧШИТЬ. СТРАТЕГИЧЕСКИ ПРАВИЛЬНОЕ УПРАВЛЕНИЕ ПАТЕНТАМИ. НОВОСТИ. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Большая игра в карты вокруг залива Америка