"Азаттыктын" каарманы “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси менен сыйланды
Агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаев Тургуналиевага өз ишине берилген эмгеги, кесипкөйлүгү жана өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирген.
"Азаттык" "Данисте" берүүсүндө кооптуу, түйшүктүү курулуш тармагында иштеген мээнеткеч каармандар тууралуу баяндаган.
Гүлжан Тургуналиева он жылдан ашык убакыттан бери курулуш кранын башкарып иштеп келатканын, техникага бала кезинен кызыкканын айтып берген. Учурда ал Бишкектеги 27 кабаттуу үйдүн курулушунда кран оператору катары иштеп келатат.
Кыргызстанда соңку жылдары курулуш тармагы катуу жанданып, ондогон жаңы имараттар салынууда. Тармакта кеңседе олтуруп иштеген жумушчулардан тартып курулушта кара жумушта миңдеген кишилер жанын багууда. (КЕ)