Казакстанда жай тургундарды барымтага алган окуя эки кишинин өлүмү менен аяктады. Дүйшөмбү күнү кечинде Актөбө шаарында белгисиз адам турак жайга кирип, андагы тургундарын барымтага алган. Дагы бир адам оор абалда ооруканага жеткирилди. Полиция кызматкерлери окуя болгон жерге жетип барып, дээрлик үч сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин басып киргени айтылды.