Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигин алып, Усубалиевдикин коюу сунушталды

0
Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги эски аянттагы Владимир Ильич Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин коюу сунушун берди. Мындай демилгени ал парламенттин 15-январдагы отумурунда көтөрүп, Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү керек экенин дагы бир жолу кайталады.


Эски аянтка 2020-жылы Турдакун Усубалиевдин аты берилген. Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нырндын Кочкор районунда туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, “Ак шумкар” өзгөчө белгисин, “Манас”, “Ленин”, “Эмгек кызыл туу” жана башка ордендерин алган.


Совет мамлекетин түптөгөн Лениндин эстелиги Кыргызстандын булуң-бурчунда көп. 1984-жылы Бишкектин борбордук аянтына Лениндин эстелиги тургузулган. 2003-жылы ал эски аянтка которулган. Оштун борборунда ушул тапта бийиктиги 25 метр болгон Лениндин айкели турат.


2022-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл Суу айылындагы мектепке Лениндин бюсту коюлуп, коомчулуктун сынына кабылган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Айла Томлянович

Теннисистка Шнайдер победила Томлянович и впервые сыграет в третьем круге AO






В Подмосковье раскрыли серию убийств девушек, совершенных более 20 лет назад

В 2025 году Россия испытает ИФ-9 — отечественный летающий автомобиль

Юрист Салкин: Седокову могут задержать по делу Тиммы только за пределами РФ

В России распространяется «молниеносный» грипп: почему он намного опаснее обычного