Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Депутат Арка айылындагы үйдө болгон жарылууну териштирүү керектигин айтты

0
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында 5-январда болгон жарылуу тыкыр иликтениши керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 15-январдагы жыйынында айтты.


“Ведомстволор аралык комиссия түзүп, снаряд кайсыл жактан келгенин карап чыгыш керек. Жарылуу болгон үйдөн Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров барып чай ичип кеткен. Саперлор кайсыл жакты караган, эмне себептен мындай болду?”, - деди ал.


5-январда Баткендин Арка-2 айылында белгисиз жарылуучу заттан энеси менен кызы жаракат алган. Алар ушул тапта Оштогу клиникалык ооруканада дарыланууда. 32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темир-тезекти жыйнап жатканда жарылуу болгон.


Жарылган зат аскердик снаряд болушу мүмкүн экени айтылууда.


Чек ара кызматынын маалыматына караганда, жарылуу болгон үй 2022-жылкы чек арадагы атышууда дээрлик толук өрттөнүп кеткен. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылы апрель-май айларында жана 2022-жылы сентябрда катталган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Теннисист Даниил Медведев победил Касидита Самрея ценой ракетки






Песков: Кремль сообщит, когда появится информация о визите в РФ Ким Чен Ына

Ефимов: в прошлом году соцучреждения получили шесть зданий в ЗАО

Бесплатное посещение катков с помощью приложения «Мой id» доступно для многодетных семей

МИД Армении вызвал российского посла Копыркина