Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

БУУнун атайын баяндамачысы Абдирасулованы каралоо күчөгөнүн айтты

0
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Кыргызстандан чыгып кеткен укук коргоочу Азиза Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканын билдирип, Фейсбуктагы баракчасына кыргыз бийлиги муну иликтеши керектигин жазды.


14-январда Ютубдагы “Каганат медиа” каналына “Азиза Абдирасулованын тескей тарабы. Тарых унутулбайт” деген тема менен 4 мүнөттөн ашык видео жарыяланган. Анда убагында Азиза Абдирасулова 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин соттолуп, 2020-жылы 69 жашында Бишкекте түрмөдө каза болгон Азимжан Аскаровдун укугун коргогону айтылат.




Азиза Абдирасулова коопсуздугуна байланыштуу 2024-жылдын декабрь айында Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Ал чөнтөк телефонуна чалып, социалдык тармактартарда мазактап, коркуткан адамдар пайда болгонун айткан.


67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы “Кылым шамы” бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин укуктарын, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү.


2020-жылы уюмдун жетекчилигинен кеткен, бирок укук коргоочулук ишмердүүлүгүн улантып жаткан.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыкка” берген маегинде Азиза Абдирасулованы Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасаларын айткан. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Алькарас сыграет на турнире ATP-500 в Токио в сентябре. Он не будет защищать титул Пекина






Получить справку из Главархива стало проще

Молодежная команда ФК «Росич» обыграла СШ «Витязь» во 2-м туре Открытого первенства по футболу

Очередную молодую закладчицу задержали в Западном округе Москвы

Да зазвучит свет