Жыл соңунда Орусиянын Екатеринбург шаарындагы рейдде полиция жүздөгөн мигрантты кармаган. Алардын айрымдары эки аптадан бери убактылуу кармоочу жайларда камакта отурушат. Мигранттардын айтымында, кармоочу жайлардын шарты катаал, сырттан тамак-аш киргизилбей, кадимки түрмөдөгүдөй эрежелер сакталат.