Казакстанда коррупционерлер реестрин түзүү мыйзамы биринчи окууда жактырылды
Коррупцияга каршы агенттиктин төрагасынын биринчи орун басары Улан Саркуловдун аталган мыйзам боюнча депутаттарга берген түшүндүрмөсү «Власть» басылмасына жарыяланды.
"Коррупционерлердин мамлекеттик реестрин түзүү профилактикалык чара. Анын негизги максаты – коомчулукта коррупция үчүн уяткарып, жерий турган мамилени калыптандыруу. Реестрге оор жана өзгөчө оор коррупциялык кылмыш үчүн соттолгондор тууралуу маалымат киргизилет. Коррупционердин аты-жөнү аталган тизмеге соттун чечими күчүнө киргенден кийин жазылат".
Реестр коррупцияга каршы мекеменин сайтында түзүлөрү кабарланды. Анда адамдын аты-жөнү, иштеген жери, жасаган кылмышы жана мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.
Демилгечилердин айтымында, реестрге кирген жаран андан актоо өкүмү чыккан же соттуулугу жоюлган учурда гана чыга алат.
Буга чейин Казакстанда коррупцияга каршы мыйзам кабыл алынган. Эксперттер өкмөттүн жемкорлукка каршы чараларынан майнап чыкпай жатканын бир нече ирет айтышкан.
Transparency International уюмунун 2023-жылга карата коррупцияны кабылдоо индексинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 93-орунду ээлеген. Аталган уюм Казакстан "коррупцияга каршы күрөштө кандайдыр бир ийгиликтерди көрсөтүп жатат, бирок бул аракеттерде авторитардык режим, ошондой эле соттордун ачык-айкындыгы жана көз карандысыздыгы жок" деп билдирген. (AiA)