Таш-Көмүрдө 47 жаштагы жаран бир айдан бери табылбай жатат
14-январда аталган жаранды 94 киши издеген. Бул күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов издөөнү координациялоо максатында жерине барып, дайынсыз жарандын үйүнөн апасынан жана жакындарынан кабар алган.
Жергиликтүү тургун былтыр 15-декабрда Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылып келет. (КЕ)