Таласта жол кырсыгынан эки адам мүрт кетип, беш адам жабыркады
Маалыматка караганда, “Хонда Одиссей” менен “Фольксфаген Пассат” үлгүсүндөгү автомашиналар сүзүшкөн. Жол кырсыгынан жабыркагандардын тек-жайы такталып жатат.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. (MKt)