Милиция Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы бычакталганын билдирди
"Териштирүү учурунда 1974-жылы туулган А.А. аттуу жаран Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы экендиги жана ал жол боюнда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда 71 жаштагы Х.Ю. аттуу аял киши ашкана бычагы менен аны көкүрөгүнүн сол тарабына сайып алгандыгы аныкталды. Ю.Х. аттуу аял 1999-жылдан бери психологиялык жактан жабыркап, каттоодо тургандыгы маалым болгон", - деп жазылган маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери ("Кылмыш жасоого аракеттенүү", "Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Учурда шектүү 48 саатка камалып, тергөө жүрүп жатканы белгиленди. Ушул тапта Ала-Бука айыл өкмөтүн Абдибаит Азимов жетектейт. (КЕ/ТВ)