Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

"Маариф" фонду "Сапат" мектептерине 2,5 млн доллар инвестициялоо убадасын берди

0
16-январь күнү Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана Түркиянын "Маариф" фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда жакында эле "Маариф" фондунун карамагына өткөрүлгөн "Сапат" мектептеринин келечеги тууралуу сөз болду.


Азыгалиев "Сапаттын" жетекчилиги алмашканы андагы окуу сапатына таасир этпеши керектигин белгиледи.



"Маариф" фонду Кыргызстанда беш жылдан бери иштеп келе жатат. Фонд өзүнө алган мектептердеги билимдин сапатын улуттук жана эл аралык билим берүү талаптарын колдонуп, жогорулатууга аракет кыларына ишенем", - деди ал.



"Маариф" фондунун өкүлү аталган мектептердеги азыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, алар кадимкидей иштеп жатканын, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.



Ошондой эле фонд жакынкы аралыкта мектептердеги билим сапатын жогорулатуу үчүн 2,5 млн доллар сарптоону көздөп жатканын кабарланды. Бул акча мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, имараттарды оңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жумшалат. Мындан тышкары, алардын маалымдашынча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн мыкты мугалимдер чакырылат.



Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон.


“Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген. 2-январда “Сапат” бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маариф” фондуна өткөрүп бергени белгилүү болгон.



Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кабарлаган.



Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.



Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.



2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.




“Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 12 башталгыч мектеби бар. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина раскрыла роль своей сестры в команде






Названы популярные места для встречи рассветов и закатов в России

А на прощанье я сорву ... покровы

Овчинский: в СЗАО возвели две новостройки по программе реновации

За три дня до инаугурации Трампа... Что означает соглашение о всеобъемлющем партнерстве между Россией и Ираном?