Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкектеги №13 мектептин окуучусу рэкетчиликтен жабыркаганы кабарланды

0
Омбудсмендин басма сөз кызматы 17-январда маалымдагандай, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага балдары Бишкек шаарындагы №13 мектепте окуган ата-эне кайрылып,  балдарынын укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөн.


Окуучулардын апасынын айтымында, 21-декабрь күнү 9 жана 11 жаштагы эки уулу ийримге бараткан жеринен аларды ошол эле мектепте окуган, эки жаш улуу окуучу кармап алып, колундагы тамак-ашын тартып алган, улуусун уруп-сабап, акча талап кылган. Натыйжада бала мээси чайкалып, ооруканага жаткырылган.



Ата-эне 25-декабрь күнү милицияга да арыз жазганы кабарланды.



Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, тиешелүү чара көрүү максатында Ички иштер министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кат жолдоп, кайрылды.



Жаманбаева окуучулар арасындагы рэкетчилик, буллинг, зомбулук оор кесепеттерге алып келерин түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин күчөтүү зарыл экенин белгилеп:



“Жеткинчектер арасындагы рэкетчиликке кош көңүл карабай, бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси катары мамиле жасаш керек. Мындай көрүнүштөрдүн канчалык кооптуу экенин балдарга түшүндүрүүнү жакшыртуу зарыл”, - деп айтты.



Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырды.



Мекеме 2023-жылы өлкөдөгү мектептерде мониторинг жүргүзгөндө сурамжылоого катышкан окуучулардын 50% мектепте чоңсунуу, өкүмзордук же буллинг бар экенин айтышкан.




Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Милиция буга балдардын ата-энеси миграцияда жүргөнү таасир эткенин билдирген. Ал эми алардын басымдуу бөлүгүнүн жакындары балдардын өлүмүнө айлана-чөйрөсүндөгү буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышкан. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева ответила, есть ли у неё подруги в WTA-туре






«Зенит» близок к покупке бразильца за 35 миллионов евро, пишут СМИ

Ефимов: многофункциональный комплекс с общежитием построят в ЗАО

В подмосковной Рузе задержали сотрудницу администрации по подозрению в коррупции

Машина рухнула в реку на Нагатинской набережной в Москве