УКМК Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы жана адвокатура башчысы кармалганын маалымдады
Мекеменин басма сөз кызматы бул тууралуу 17-январда маалымдап, ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун аймактык адвокатурасынын төрагасы М.А.М. судьяларга пара берүүдө ортомчулук кылганы такталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Жалал-Абад шаардык соту өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүүгө жана сатууга айыпталган Х.С.С. аттуу жаран 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок облустук соттун судьялары Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. соттолгон адамдын кылмышын башка беренеге квалификациялап, жаза мөөнөтүн азайтышкан. Ошондой эле башка мамлекетте, апасынын колундагы уулу 14 жашка чыкканга чейин деген негизде өкүмдүн аткарылышын мыйзамсыз создуктурган.
"Адилетсиз чечимдин натыйжасында Х.С.С. камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун үч судьясы камакка алынган. 2025-жылдын 13-январында адвокатура төрагасы М.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды" деп жазылган маалыматта.
Коопсуздук кызматы ошондой эле М.А.М. 2012-жылы Жалал-Абад облустук сотунун судьясы болуп иштеген учурунда 2010-жылкы Июнь окуясында Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштурган деп Сузак райондук сотунун өкүмү менен өмүр бою эркинен ажыратылган Н.Ш. аттуу жаранды камактан адилетсиз бошоткону үчүн кылмыш жообуна тартылганын кошумчалады. Анын чечиминин негизинде абактан чыккан Н.Ш. да укук коргоо органдарынан качып кеткени белгиленди.
УКМК соңку учурда пара алууга шектелип судьялар кармалганы боюнча утур-утур маалымат берүүдө. 18-декабрда Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы жана анын жубайы алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирген. (ZKo)