Садыр Жапаров Алтайдагы жаңы лыжа базаны көрүп келгенин билдирди
"Кыргыз эли өзүбүздүн басып өткөн жолубуздун эң бурулуш, чечүүчү учурун Алтай жергеси менен байланыштырабыз. Элдик түшүнүккө караганда, Алтай – кыргыз эли мекендеген, өнүп-өскөн ыйык жерлердин бири, Манас атабыз туулуп, торолгон жер. Кыргыз тилинин көптөгөн түрк тилдеринин ичинен алтай тилине эң жакын болушу да кокустук эмес. Азыр дагы Алтай жергесинде биздин жер-суу аттарындай жерлер, тоолор, аймактар бар экени дагы бир нерседен кабар берип турат. Мына ушул Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” (Кыргызча аты “Миң жүрөк”) лыжа базасын көрүп келдим. Шарттары абдан жакшы. Тейлөө кызматы эң жогорку деңгээлде экен. Биз дагы жакын арада Жыргалаң–Ак Булак–Бозучук тоолорун бириктирген ушундай лыжа базасын куруп баштайбыз. Куруучу компаниялар үчүн февраль айында конкурс өткөрүлөт. Утуп чыккан компания курулушту баштайт", - деп жазды Жапаров.
Садыр Жапаровдун Алтай сапары тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес. Ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөттө Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов аны менен чогуу болгонун көрүүгө болот.
Бабанов 2021-жылы майда "Кумтөр ишине" байланыштуу камалган. Көп өтпөй, эки айдан кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен жана ошол жылы сентябрда Кыргызстанга кайтып келген. Ага Кой-Таш окуяларына байланыштуу дагы айып коюлган жана 2022-жылы сот аны актаган. Ошондон бери Бабанов саясатка аралашпай калган.
Былтыр жайында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Анда франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясы Жыргалаң, Ак-Булак жана Бозучук чокусун камтыган жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассасын курууну пландап жатканы, долбоордун наркы 165 миллион евро деп бааланганы айтылган.
Көп өтпөй, ноябрда "Үч чоку" лыжа базасын курууга байланыштуу Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйын өткөн. Садыр Жапаров соңку билдирүүсүндө лыжа базасын курууга кызыгып жатат делген франциялык инвесторлор тууралуу маалымат берген жок.