Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

УКМК өзүн "Айка Мусаева" деп атаган блогер камалганын билдирди

0
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) социалдык тармактарга "Айка Мусаева" деген ат менен катталган С.А.М аттуу блогер кармалганын билдирди. Ал буга чейин Жалал-Абаддагы Сузак районундагы айрым ишкерлерди жана колунда бар адамдарды социалдык тармактар аркылуу жаманатты кыларын айтып коркутуп, акча талап кылып келгенин кабарлады.


УКМК мындай фактыларга байланыштуу Сузак айылдык кеңешинин төрагасы Х.Ж дагы колго түшкөнүн маалымдады.


"Учурда тергөөдө 120 миң жана 80 миң сом акча талап кылуу жана алууга байланыштуу эки факт аныкталды. Кээ бир учурда "Айка Мусаева" деген ат менен таанылган жаран УКМК менен байланышы бар экенин айтып, кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүп алып, өзүнүн үлүшү тууралуу макулдашып, акчалай карыздарын кайтарып берүү боюнча кызмат көрсөткөн. "Айка Мусаеванын" бул кылмыштуу иш-аракетине байланыштуу Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. дагы кармалган. Учурда бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.




УКМК бул блогердин айынан жабыркаган жарандарды атайын кызматка кайрылууга чакырды.


Фейсбукта Айка Мусаева деп катталган колдонуучунун 15 миңдей катталуучусу бар.


Кармалган жарандардын жакындары, жактоочулары соңку окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Медведев отреагировал на слова Циципаса о том, что его вымотала интенсивность ATP-тура






Женщина и ее дочь погибли при падении авто в Обводный канал

Четырех человек арестовали за поджог пункта сбора гумпомощи в Выборге

«Ак Барс» обыграл «Адмирал» в матче КХЛ

Почти 30 аптек при поликлиниках заработали в Воронежской области