АКШнын Жогорку соту Тик-Токко тыюу салган чечимди колдоду
Соттун өкүмүнө караганда, ТикТоктун улуттук коопсуздукка жараткан коркунучу сөз эркиндигин чектөө кооптонуусунан алда канча жогору. Бул түйүндүн Кошмо Штаттарда 170 миллиондой колдонуучусу бар.
Соттун өкүмү күчүнө кирери менен тиркеме колдонуучулардын телефондорунан жоголбойт. Бирок жаңы колдонуучулар аны жүктөй албайт жана тиркеме жаңыланбайт.
Мындай чектөөнү жактагандар ТикТок АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат деп санашат. Алардын айтымында, кытай өкмөтү атайын кызматтар тууралуу өз мыйзамдарын ByteDance компаниясына каршы пайдаланышы мүмкүн. Башкача айтканда, тиркемени колдонгон америкалык жарандардын жеке маалыматтарын талап кылат деп чочулашат.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик шайлоо учурунда платформаны сактап калууга убада берген.
Былтыр декабрда Флоридада курган маегинде Трамп бул тиркеме анын ойлорун жаш америкалыктарга жеткирүүгө жардам бергенин айткан. Трамп кызматка расмий 20-январда киришет.
Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиликке көрсөтөрү маалымдалып жаткан конгрессмен Майк Уолтц 16-январда Fox News телеканалына курган маегинде шайланган президент мыйзамдын күчүнө киргизилишин 90 күнгө жылдырууну караштырып жатканын айткан.
ByteDance компаниясынын 60% эл аралык инвесторлорго таандык жана кытай өкмөтү аларга таасир этпесин айтып келатат.
Кытай Кошмо Штаттар улуттук коопсуздук концепциясына ашыкча кооптонуп жатат деп айтып келет.