Бишкекте эки кабаттуу дүкөндү өрт чалды
Маалыматка караганда, 20-январдын таңында дүкөн күйүп жатканы тууралуу кабар түшүп, ага төрт күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Анын себептери жана жабыркагандар бар же жогу айтылган жок.
ӨКМдин маалыматына караганда, 19-январда өлкө аймагында беш өрт кырсыгы катталды.
15-январда Бишкек шаарынын Маевка айылына жакын Белозерский кыска көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы жаран каза болгон. (КЕ)