Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Трамп азырынча АКШда TikTokту жаппай турууну убада кылды

0
TikTok социалдык тармагы провайдерлер менен түзүлгөн келишимге ылайык Америка Кошмо Штаттарындагы колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болорун билдирди.


TikTokтун билдирүүсүн "Свобода" радиосу Reuters агенттигине шилтеме кылып жазды. Анда бир күнгө жетпей президенттик кызматына расмий кирише турган Дональд Трамп америкалык бийликке "улуттук коопсуздукту коргоо багытында" социалдык тармак менен келишим түзүүгө убакыт берүүгө убада бергени кабарланган.



Жекшембиде TikTokту жабуу мыйзамы күчүнө кирген. Компаниянын билдирүүсүндө Трамп тыюуга карабай аталган платформаны колдогон провайдерлерди жоопкерчиликке тартпоо тууралуу убада бергени белгиленген.



Буга чейин NBC телеканалына курган маегинде Трамп инаугурациядан кийин TikTokко тыюу салган мыйзамды колдонуу мөөнөтүн 90 күнгө жылдырышы мүмкүн экенин айткан. Бул убакыттын ичинде, компаниянын ээси америкалыктар бул социалдык тармакты колдонууну уланта ала тургандай укуктук маселелерди чечиши керек.




Трамптын социалдык тармактарда жазганына караганда, ал TikTokтун АКШда иштеши үчүн кеминде 50 пайызы америкалыктарга тийиштүү бологон биргелешкен ишкана түзүүгө аракет кыларын жазган.



2024-жылдын апрелинде АКШ президенти Жо Байден баш кеңсеси Кытайда жайгашкан ByteDance компаниясы тиркемени 2025-жылга чейин сатпаса, Американын аймагында аны жабуу тууралуу мыйзамга кол койгон.



Бул мыйзам америкалык мыйзам чыгаруучулар TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн деген тынчсыздануудан кийин кабыл алынган.



Декабрдын ортосунда АКШнын федералдык соту TikTok социалдык түйүнүнүн ээсин тиркемени америкалык тарапка сатууга милдеттендирген мыйзамды күчүндө калтырып, 19-январдан тартып мыйзам күчүнө кирген.



Ишембинин кечинде америкалык колдонуучулар бул тиркемени ача албай калышкан. Америкалыктар "Кечиресиз, АКШда TikTokту колдонууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди, мындан ары сиз бул тиркемени ача албайсыз" деген жазууну көрүшкөн. Ошондой эле Google Play жана Apple Storeдон тиркемени көчүрүп алуу мүмкүн болбой калды. Азырынча АКШда TikTok ачылып жатабы же жокпу маалымат айтыла элек.



АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жума күнү Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен телефондон сүйлөшкөн. Маалыматка караганда, анда негизинен ТикТок жана Тайван маселелери талкууланган.



ByteDance компаниясынын 60% эл аралык инвесторлорго таандык жана кытай өкмөтү аларга таасир этпесин айтып келатат. Кытай коопсуздукка байланыштуу кооптонууларга негиз жоктугун билдирип жүрөт. АКШда TikTokтун 170 млн катталуучусу бар.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Дарья Касаткина

«Сучка». Уроженка Москвы отреагировала на поражение от Касаткиной на Australian Open






Актера Гошу Куценко допросят из-за найденного в его машине тела девушки

В Истре подвели итоги конкурса изобразительного искусства «Зимняя сказка»

Риелтор Сырцов: спрос на строящееся жилье в Москве упал почти на 13% в 2024 году

Две медали завоевали люберецкие самбисты на межмуниципальных соревнованиях