"Сапат" билим берүү мекемесинин окуучуларынын ата-энелери президентке кайрылды
Алар "Сапат" окуу жайлары Түркиянын "Маариф" фондуна өтүп жатканына тынчыздануусун билдиришти. Ата-энелер буга чейин "Сапат" билим берүү мекемелеринде түзүлгөн сапаттуу окутуу системасы бузулуп, окуучулардын билим алуусуна терс таасирин тийгизерин айтышты. Ошондой эле "Сапаттын" окуучуларынын чет өлкөдө ар кандай сынактардагы жетишкендиктерин белгилеген ата-энелер учурда бул тармакта дагы маселе жаралганын айтышты.
Ата-энелер "Сапат" системасынын сакталышын, окууну бүткөндө документке "Сапаттын" мөөрү коюлушун, күчтүү мугалимдердин сакталып калышын каалашат.
Алар "Маариф" фондунун өкүлдөрүнүн жоопторуна канааттанбай турганын дагы белгилешти.
Ата-энелер президент Садыр Жапаровдон жогорудагы маселелерге көңүл бурууну суранышты.
Маалымат жыйынга өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан лицейлердин окуучуларынын ата-энелери катышканы айтылды.
Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон.
“Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген. 2-январда “Сапат” бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маариф” фондуна өткөрүп бергенин кабарлаган.
Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын билдирген.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (TSh/ZKo)