Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Байден жубайы экөө Дональд менен Мелания Трампты Ак үйдө тосуп алды

0
Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп менен жубайы Меланияны азыркы мамлекет башчы Жо Байден жана биринчи айым Жилл Байден Ак үйдүн кире беришинен тосуп алышты.


Байден Трамп менен кол алышып, "Үйүңүзгө кош келиңиз!", - деп каршы алды.


Төртөө сүрөткө түшкөндөн кийин чай ичкени Ак үйгө кирип кетишти.


Инаугурациянын алдында бийликти өткөрүп берип жаткан президент менен жаңы кызматка киришип жаткан мамлекет башчынын Ак үйдө чогуу отуруп чай ичкени көп жылдан берки салт.


Байден ошондой эле Трампка кат жазып калтырганын айтты. Бул - Ак үйдөгү дагы бир салт.  Кызматтан кетип жаткан президент аны кеңсесиндеги столдун кутуларынын бирине калтырат.




Байден катка эмне тууралуу жазганын ачыктаган жок. Трамп дагы төрт жыл мурда, 45-президенттин мөөнөтүп өткөрүп берип жатып Байденге кат жазып калтырган, бирок аны тосуп алып, чай берген эмес.


Трамптын инаугурациясы 20-январда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат ондо башталат.


Ант берүү аземи бул жолу Капитолийдин ротондасында өтөт. 40 жылдан бери биринчи жолу АКШ президентинин инаугурациясы жабык жайда өткөнү турат. Трамп өзү муну Вашингтондогу катуу суукка байланыштырды. Синоптиктердин маалыматына караганда, АКШ баш калаасында бул күнү абанын температурасы -7 градусту жетет.


Бул жолу инаугурацияга 100 жылдан бери биринчи жолу бир катар чет элдик меймандар чакырылган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Большой шлем

Александра Панова в паре с Ханьюй Го обыграли дуэт из США в 1/16 финала AO — 2025






В Мордовии гражданин Узбекистана оборудовал 113 закладок с наркотиками

Некоторым россиянам грозят крупные штрафы за одно дело

Областной суд может поставить точку в деле о национализации "ТОСК" и "ТСК"

Зимний Кубок РДС по дрифту пройдет 24 и 25 января на территории Центра технических видов спорта «Москва»