Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер мыйзамына кол коюлду
Президент дин мыйзамында негизги карама-каршылык дааватчылардын үймө-үй кыдыруу маселесинде болгонун белгиледи.
"Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Бизде ушул кыдыруу маселеси толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер кыдырууга чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даават айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот, аларды ким текшерүүдөн өткөрүп берет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек. Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин кыдырууга чыгып кеткен жарандарыбыз болуп жатат. Ушул кантип болсун. Үй-бүлөсүн эң жок дегенде тамак-аш менен толук камсыз кылып коюп анан кыдырууга чыкса болбойбу?" - деп суроо койду Жапаров.
Мамлекет башчы дааватты мечиттерде, той-топур, тажия болгон жана башка эл чогулган базарларда айтууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. Бул маселени жөнгө салып, дааватка кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып сунуштоону муфтият менен Аалымдар кеңешине тапшырды.
Садыр Жапаров ислам дини Кыргызстанда эле 33 агымга бөлүнгөнүн айтып, алардын айрымдарына сот тыюу салганына карабай ишмердигин улантып жатканын белгиледи. Алар китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, эреже бузгандар кармалып жатышканын айтты.
Президент кыргызстандыктарды бир эле салттуу дин менен жашоого чакырып, аны жолго коюуга муфтият менен дин аалымдарын көмөктөшүүгө чакырды.
"Муфтият менен Аалымдар кеңешинен сунуш күтөбүз. Кыдыруу боюнча эрежелерди ийне-жибине чейин жазып, сунуш киргизгиле. Алардын так аткарылышына жана бир жолго салынышына мамлекеттен жардам берели", - деген Садыр Жапаров сунуштар канчалык эрте берилсе, ошончолук жакшы болорун эскертти.
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 25-декабрда кабыл алган. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. (ZKo)