Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Министр Жетим-Тоодо кен чалгындоо баштала электигин айтты

0
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин маалыматына караганда, Жетим-Тоодо кен чалгындоо иштери баштала элек. Министр бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 21-январдагы жыйынында билдирди.


Анын сөзүнө караганда, аталган кенде 3-5 млрд тонна темир запасы болушу ыктымал.



"Чалгынды "Кыргызгеология" ишканасы жүргүзөт. Буга болжол менен 1-2 жыл кетет. Жетим-Тоодо магнетит менен гематиттен тышкары алтын концентраты да бар деген божомолубуз бар", - деди Машиев.



“Кыргызгеология” ишканасы Жетим-Тоо темир кенин чалгындап жатканын, алдыда Кыргызстан өзүн темир менен камсыздоого жетишерин, тоо-кендерди өздөштүрүүдө өлкөнүн экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары корголуп жатканын Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров былтыр ноябрда Жогорку Кеңештеги отчеттук баяндамасында билдирген.



2024-жылы 22-январда президент Садыр Жапаров “Кыргыз экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” жарлык чыгарган.



Анын негизинде 2024-жылы геология тармагын өнүктүрүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнгөн. Өкмөт аны жаңы кендерди ачууга, геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, атайын техника сатып алууга, адистерди окутууга, пайдалуу минералдарды издөөгө, чалгындоого жана баалоого жумшай турганын билдирген. Өлкөдөгү кен байлыктарын иштетүүдө мамлекетке 30% кем эмес үлүштү камсыздоого милдеттендирилип “Кыргызалтын”, “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызгеология” ишканаларына лицензиялар берилген.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Русские девушки взяли реванш за финал Олимпиады-2024. Холодная месть Андреевой и Шнайдер в жаркой Австралии






В МВД рассказали россиянам, как не стать жертвой мошенников

Премьера сериала «Подслушано в Рыбинске» на Premier и Start состоится 30 января

«АТОЛ Онлайн»: Продавцам возвращают каждый 14-й подарок на Новый год

Миллиардер с затонувшего батискафа «Титан» оставил супруге менее 10 млн рублей