Адвокаттар Самат Матцаковдун иши боюнча президентке кайрылышты
Алар Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Туратбек Бекеновдун ыйгарым укуктары аяктаганына карабай чечим чыгарганына даттанышты.
“2019-жылы 30-декабрда президенттин жарлыгы менен беш жылга дайындалган тергөө судьясы Туратбек Бекеновдун ыйгарым укуктары 2024-жылдын 29-декабрында токтотулуп жатат. Мындан улам анын 30-декабрда Матцаковду камакта калтырган чечими мыйзамсыз. Адвокат Матцаков учурда камакта мыйзамсыз отурат деп эсептейбиз”, - деди адвокат Акынбек Ногоев.
Адвокаттар мындан улам судьянын мөөнөтүн тактоо үчүн президенттик администрацияга кайрылып, жооп ала албаганын билдиришти.
Ошондой эле алар Матцаковго кылмыш ишин козгоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Максат Асаналиевге кайрылуу жолдоп, адвокаттардын ишине коркунуч жаралганын маалымдашты.
УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.
2024-жылы 30-декабрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекенов адвокат Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узарткан.
Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана – 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Матцаков кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген. (MKt)