ЖК комитетинде Бишкек жана Ош шаарларындагы жол тыгын маселеси каралууда
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жол тыгынын азайтуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Жунушалиев 2024-жылы борбор калаада жол оңдоо жана кеңейтүү иштери жүргөнүн, ал үчүн 3,5 млрд сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, каржыланганын белгиледи.
"Биз борбордук негизги жолдорду тез, кыска убакытта, сапаттуу бүтүрүүнү максат кылдык. Эрте бүтүрүүдөн 415 млн сом үнөмдөдүк. Андан тышкары жайкы убакта, балдар жайкы каникулда жүргөн учурда бүтүрүп алдык. Жол оңдоого 2017-жылдары деле ушундай өлчөмдө акча бөлүнчү экен, бирок эмне себептен оңдолбой келгени түшүнүксүз".
Бишкектин мэри шаарды айланта курчаган "Түндүк" жана "Түштүк" айланма жолдорун куруу пландалып жатканын, учурда мэрия "Түндүк" айланма жолун өз күчү менен курууга киришкенин кошумчалады.
Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев түштүк борбордо да транспорттук тыгын чоң көйгөйгө айланганын, аны чечүү үчүн бир катар иштер жүрүп жатканын маалымдады:
"Бүгүн Ош шаарында күнүнө 150 миң автоунаа жүрөт. Андан тышкары чет жактардан келип-кеткен 20 миңдей машине бар. Жалпысынан күн сайын шаарда 170 миңдей унаа жүрөт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн бир катар иштер жүрүп жатат. Шакиров жана Мониев көчөлөрүнүн кесилишинде жер үстүнөн өтүүчү айланма жол курууну көздөп турабыз. Шаардагы борбордук базарды былтыркы селден кийин батыш тараптагы айланма жолдун боюна чыгарганбыз. Транспорт министрлиги менен чогуу шаардын чыгыш тарабынан Баткенди көздөй кетүүчү айланма жол куруу маселесин сүйлөшүп жатабыз".
Жунусбаевдин маалымдашынча, Ош шаарында жол тыгынды жоюуга 2 млрд сомдой керектелет.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен чогуу “Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгынды азайтуу жана автомобил кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө” токтом долбоорун сунуштаган.
Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 2024-жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча шаарда дээрлик 417 миң автоунаа катталган, мындан сырткары кирди-чыкты машиналарды эске алганда Бишкекке күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирет. (ZKo)