Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Беларуста президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды

0
Беларуста президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Ал 25-январга чейин уланат. Шайлоо 26-январга белгиленген.


Бул жолу президенттик шайлоого беш талапкер ат салышууда. Алардын арасында өлкөнү 31 жылдан башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко дагы бар.


Оппозициядагы "Беларустун демократиялык күчтөрү" эл аралык коомчулукту шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырат. Укук коргоочулардын пикиринде Беларустагы шайлоолор "авторитардык өкмөт өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн колдонулуп, өз функциясын аткарбай калган".


2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Лукашенко жеңгени белгилүү болгон соң түмөндөгөн беларус добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чыккан.




Бир катар Батыш мамлекеттери жана оппозиция өкүлдөрү ал шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялар күч менен таркатылып, миңдеген адам камалган. Бир катар оппозициячыл активисттер кармалып, узак мөөнөттөргө кесилди.


Лукашенко менен бирге ат салышкан Светлана Тихановская басым-кысымдан улам Литвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2023-жылдын март айында беларус соту Тихановскаяны сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми анын күйөөсү Сергей  Тихановский 18 жылга кесилип, беларус түрмөсүнө камалган.


Президенттикке ат салышкан дагы бир талапкер Виктор Бабарико 14 жылга эркинен ажыратылган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
US Open

Джокович не дал Алькарасу собрать карьерный Большой шлем в 2025-м






ДЕЛА Яниса Тиммы, генерала Кириллова и... SHAMAN СОВПАЛИ НЕ СЛУЧАЙНО?! И ДОПОЛНИТЕЛЬНЫЕ ВАЖНЫЕ НОВОСТИ. Новости. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

«АТОЛ Онлайн»: Продавцам возвращают каждый 14-й подарок на Новый год

Актеру Петрову пришлось успокаивать Барбару де Рехиль на съемках «Василия»

Плата за отопление вырастет в два раза? Эксперт по ЖКХ предупредил о "сюрпризе"