АКШнын 47-президенти Дональд Трамп шайлоо алдындагы сөзүнө туруп, мыйзамсыз миграцияга каршы катуу күрөшкө аттанганын жарыялады. Жаңы президент кол койгон ондогон документтердин арасында Париж келишиминен чыгуу, Капитолийдеги башаламандыкка катышкан деп айыпталган 1,5 миң кишиге ырайым берүү, ТикТоктун ишин узартуу сыяктуу чечимдер дагы бар.