23-январдын аба ырайы: Кар жаап, суук күчөйт
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
23-24-25-январда суук күч алып, өрөөндөрдө -15…-20 градустан, тоолуу аймактарда -30…-35 градуска чейин суук болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар мол жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…-9
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндуз -8…-13
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°, күндүз -5…-7° суук болот.