Чүйдө 14 жаштагы өспүрүм бала асынган абалда табылды
Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИИББ) басма сөз кызматы ырастады. Ага ылайык, окуя 21-январда болгон. 8-класстын окуучусу саат 8:00де үйүнөн мектепке чыгып кеткен, 40 мүнөттөй убакыттан кийин өз үйүндөгү сарайдан асынган абалда табылган.
Сокулук райондук милициясы бул факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындады. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгына жараша Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын он айында жашы жете элек 75 бала өз өмүрүн кыйган. ИИМ буга ата-энелеринин миграцияга кеткени таасир эткенин билдирген. Ал эми суицидге барган балдардын көпчүлүгүнүн ата-энелери алар айланасындагы буллингдин жана мектептеги рэкетчиликтин курмандыгы болгонун айтышкан. (ZKo)